Тажикстандагы базарга кетип жок болгон баткендик киши кайра кайтарылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи поножовщины в КР
Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-октябрда Асылбек Тажикстандын Чорку айылына кетип, дайынсыз жок  болгон. Аны чек арачылар кармап кеткени маалым болгон. 

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Баткен облусунун тургуну Асылбек Каримов коңшу Тажикстандын аймагына кирип дайынсыз жок болуп кеткен. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Каримов Кыргызстандын Баткен районуна караштуу Ай-Сай айыл өкмөтүндөгү Таштумшук айылында жашайт. Ал 24-октябрда эртең менен тажик айылы Чоркудагы базарга чыгып кетип, ошол боюнча жок болгон. Анын туугандары менен Кыргызстандын компетенттүү органдары кишиге издөө салган.

"31-октябрда Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү органдары жана чек ара ведомстволорунун жетекчилери Каримовду кайтаруу маселесин талкуулаган. Кыргызстан жараны коңшу өлкөнүн чек ара мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айып пулдан бошотулуп, бүгүн, 1-ноябрда, кыргыз чек арачыларына өткөрүлүп берилген",  — деп айтылат маалыматта.

Бошотулган киши учурда туугандарыныкында экендиги айтылды. 

Буга чейин да ушуга окшогон окуя болгон. Июль айында Баткен облусундагы Достук айылынын тургунун Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери чек арадан кармап кеткен. Жергиликтүү эл бул боюнча нааразылыгын билдирип, акция уюштурган. Кийин ал мекенине кайтарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0