22:29 08 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Сеид Атамбаев. Архивдик сүрөт

Сеид Атамбаевге таандык "Автомаш-Энерго" текшерилип, документтери алынды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (58)
460 0 0

Башкы прокуратуранын маалыматында фирманын жетекчилиги августтан бери ар кыл шылтоо менен документтерди текшерүүгө жол бербей келгенин айтты.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидбек Атамбаевге 75 пайыз үлүшү таандык "Автомаш-Энерго" ишканасынын документтери Биринчи Май райондук соттун чечими менен алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан айтышты.

Мекеменин маалыматында, бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаевге байланыштуу козголгон бир катар кылмыш иштери тергелип жатканы айтылат. Анын алкагында мурунку президентке, анын жакындарына тиешелүү мүлк, активдер жана ишканалар текшерилүүдө.

"2003-жылы "Кыргыз автомаш" ААКнын директорлор кеңеши электр энергиясын дүңүнөн алып сатуу менен алектенчү "Автомаш-Энерго" деп аталган туунду компания негиздеген. 2004-жылы Атамбаев негиздөөчүлөрдүн курамына уулу Сеидбек Атамбаевди киргизген. Ушу тапта ага аталган фирманын 75 пайыз үлүшү катталган. Мындан улам быйылкы жылдын 23-августунда "Автомаш-Энерго" ишканасы камакка алынып, салыгын текшерүү каралган. Бирок фирманын жетекчилиги ушу кезге чейин ар кандай шылтоо менен салык органдарына керектүү документтерди көрсөтүүдөн баш тартып, алардын ишине тоскоолдук жаратып келген", — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам Биринчи Май райондук сотунун 21-октябрдагы токтомунун негизинде салык органдарынын талабы менен аталган ишкананын тиешелүү документтерин алуу аракеттери жүргөн.

Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (58)

Тема боюнча

Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү узартылды
Белгилер:
Сеидбек Атамбаев, салык, документ, Башкы прокуратура, ишкана, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ