Милиция: "Кыргызкөмүрдүн" директоруна эки киши кол салып, темир менен чапкан

© AP Photo / John MinchilloНападение арматурой
Нападение арматурой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкананын маалымат кызматы жетекчинин абалы жакшы экенин айтып, бүгүн жумушка чыкканын билдирди.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы "Кыргызкөмүр" ишканасынын директору Канатбек Аширбаевдин сабалышы боюнча билдирүү таратты.

Аширбаев Октябрь райондук милициясына 31-октябрда кайрылган.

"Жабырлануучу аны 31-октябрга караган түнү болжол менен саат 00.30дарда 30-35 жаштагы азиат түспөлүндөгү эки киши келип кол салганын айткан. Аны ур-токмокко алып, темир түтүк менен да чапкан", — деп айтылат маалыматта.

Окуя Аширбав машыгуу залынан чыгып баратканда Бишкектин Тунгуч кичирайонундагы №73 мектептин жанында болгон.

Ишкананын маалымат кызматы жетекчинин абалы жакшы экенин айтып, бүгүн жумушка чыкканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0