УКМК: сот менен милиция кызматкери 20 миң сом пара алып кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБЗадержание судьи горсуда и заместителя главы ОВД Кара-Кула
Задержание судьи горсуда и заместителя главы ОВД Кара-Кула - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыкчам тергөө ишинин негизинде 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Кара-Көл шаарынын соту менен Кара-Көл ШИИБинин начальнигинин орун басары, милициянын капитаны колго түштү.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кара-Көл шаарынын соту менен милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады. 

© Фото / пресс-служба ГКНБКара-Көл шаарынын соту менен милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
УКМК: сот менен милиция кызматкери 20 миң сом пара алып кармалды - Sputnik Кыргызстан
Кара-Көл шаарынын соту менен милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Билдирүүгө ылайык, 1-октябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматына И.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучу Кара-Көл шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкери аталган шаардын соту менен сүйлөшүп алып кылмыш ишин оңунан чечип берем деп 100 миң сом талап кылып жаткандыгын айткан. Андан соң аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМК менен ИИМдин кызматкерлери биргеликте 30-октябрда ыкчам тергөө ишин жүргүзүп, 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Кара-Көл шаарынын соту Ы.П. менен Кара-Көл ШИИБинин жетекчисинин орун басары, милициянын Б.М. аттуу капитанын колго түшүрдү. Алар буга чейин арыздануучудан 30 миң сом алган.

Учурда тиешелүү тергөө иштери улантылууда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0