Сокулукта аскер кызматкерлери бараткан эки унаа кагышып, капитан көз жумду

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алган жаракатынан капитан Сокулук райондук ооруканасында көз жумган. Генералдык штаб окуя тууралуу Аскер прокуратурасына кабарланганын белгиледи.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 25-чакырымында аскер кызматкерлери жол кырсыгына кабылганын Генералдык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 30-сентябрь күнү болжол менен саат 11.30дарда болгон.

"Жеке унаасын айдап бараткан лейтенант Э.Ж. башка машина менен кагышпоо ниетинде каршы тилкеге чыгып кеткен. Ал жакта келе жаткан капитан Н.И. лейтенант айдап келе жаткан унаа менен сүзүшкөн. Алган жаракатынан капитан Сокулук райондук ооруканасында көз жумду", — деп айтылат маалыматта.

Генералдык штаб окуя тууралуу Аскер прокуратурасына кабарланганын белгиледи. Жеринде Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0