Ош шаарында жүк ташуучу автоунаа кишини тебелеп кетти

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаа. Архив
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа Кулатов кичирайонундагы Барсбек айлампасынан бурулуп жатып, капысынан чыга калган жөө адамды сүзгөн. Кишинин сөөгү жүк ташуучу автоунаанын астында калган.

ОШ, 30-окт. — Sputnik. Ош калаасында жөө адамды оор жүк ташуучу унаа сүзүп кетти. Бул маалыматты аталган шаардын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Кырсык бүгүн, 30-октябрда, саат 10:00дөр чамасында Ош шаарынын Кулатов кичирайонунда катталды.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жолдон чыгып кеткен автоунаа жардан кулап, күйөөсү менен аялы мерт болду - Sputnik Кыргызстан
Жардан автоунаа кулап, жубайлар көз жумду. Ноокендеги кырсыктын сүрөтү
DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа Кулатов кичирайонундагы Барсбек айлампасынан бурулуп жатып, капысынан чыга калган жөө адамды сүзгөн. Киши жүк ташуучу автоунаанын астында калып, ошол жерден мүрт кеткен.

Учурда шаардык милиция каза болгон адамдын ким экендигин такташ үчүн иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Аталган факты боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Ош ШИИБ тергөө иштерин баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0