Сот Илмияновду эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялады

© Фото / секретариат СДПКБывший советник экс-президента КР Алмазбека Атамбаева Икрамжан Илмиянов
Бывший советник экс-президента КР Алмазбека Атамбаева Икрамжан Илмиянов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот жараяны бүгүн, 30-октябрда, соңуна чыгып, эркинен ажыратылып, буга кошумча 1600 эсептик көрсөткүчтө айып салынды.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту президенттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга эркинен ажыратты.

Сот жараяны бүгүн, 30-октябрда, соңуна чыгып, айыпталуучу кесилип, буга кошумча 1600 эсептик көрсөткүчтүн көлөмүндө айып салынды.

Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен олуттуу өлчөмдөгү бөтөн мүлктү ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу) негизинде эркинин ажыратылган.

Жактоочусу Тынарбек Аскаров соттун бул өкүмүнө нааразы экендигин айтты.

"Өкүм мыйзамсыз, негизсиз чыкты. Божомолдор менен соттолду. Андыктан 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна апелляциялык тартипте даттанабыз", — деди ал.

Судебный департамент при верховном суде Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жогорку сот абактан чыгып кеткен Алмаматовдун ишин кайра карайт
2018-жылдын октябрь айында УКМКнын кызматкерлери Илмияновду Москвадан кармап, Кыргызстанга алып келген. Ал алдамчылыкка шектелип УКМКнын убактылуу жайына камакка алынган.

Анда Илмиянов чет элдик компаниянын ишин токтотуп берүү үчүн 150 миң доллар пара алган деп шектелген.

Жаңылыктар түрмөгү
0