Tico жолдо токтотулган Audi автоунаасынын сазайын берди. Куршабдагы окуянын видеосу

© AFP / PHILIPPE HUGUENТранспортное средство в Лилле
Транспортное средство в Лилле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан бул видеонун качан тартылгандыгын аныктап жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Daewoo Tico үлгүсүндөгү кичинекей автоунаа жолдун ортосуна жоопкерчиликсиз мамиле менен токтотулган Audi жеңил унаасын кайрылып келип, дал бет маңдайынан бир нече ирет сүздү. Бул учурда Audi бош болчу.

Окуянын видеосу Telegram каналынын Короче тайпасына жарыяланды.

Бишкекте медициналык борборлордун биринин атайын унаасы менен Toyota Camry үлгүсүндөгү жеңил автокөлүк кагышты - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте тез жардам унаасы жеңил машина менен кагышты. Видео
Кадрдан автоунаа кыймылы үзүлбөгөн жолдун орто ченинде эскирээк Audi токтотулганын, анын салонунда эч ким жок экендигин көрүүгө болот. Анын арт жагынан келип өтүп бара жаткан ак кичинекей Daewoo Tico кайрылып келип, токтоп турган автокөлүктүн маңдайына ыңгайлаша токтоп, бир нече ирет күү менен сүзгөндүгүн көрүүгө болот. Мындай аракети менен ээсиз автокөлүктү сүзүп отуруп, четке жылдырып чыгарууга алы жеткен. Бул мүнөттөрдү жолдун чет-жакасында тургандар эч нерсе дебей, байкоо салып турушкан. Видеонун бир жеринен Ош облусунун Өзгөн районундагы кире бериши — Куршаб айылы деген тактаны байкоого болот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан учурда автоинспекторлор окуянын кандай болгонун аныктоо боюнча иштеп жаткандыктарын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0