Бишкекте тез жардам унаасы жеңил машина менен кагышты. Видео

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуБишкекте медициналык борборлордун биринин атайын унаасы менен Toyota Camry үлгүсүндөгү жеңил автокөлүк кагышты
Бишкекте медициналык борборлордун биринин атайын унаасы менен Toyota Camry үлгүсүндөгү жеңил автокөлүк кагышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы борбор калаанын чок ортосунда, Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Болжолдуу маалыматка ылайык, андан эки адам жабыркаган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкекте медициналык борборлордун биринин атайын унаасы менен Toyota Camry үлгүсүндөгү жеңил автокөлүк кагышты.

Маалыматты Бишкек шаарынын Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты. Жол кырсыгы жекшемби күнү саат 7:30дар чамасында Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги ИИМдин имаратынын жанында болгон.

Кырсыктан кийинки видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

Болжолдуу маалыматка ылайык, окуядан эки адам жабыркаган. Кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0