Милиция үлпөт тойдогу массалык мушташтын чоо-жайын айтты

Жазылуу
Мушташтын катышуучулары бири-бирине арыз жазып милицияга кайрылышкан эмес. Соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн дагы баш тартышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Интернет айдыңына тарап жаткан тойдогу массалык мушташ Ноокен районуна караштуу Достук айылында болгон. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Окуянын видеосу соцтармакка бүгүн, 25-октябрда, тараган.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. Мушташ 19-октябрь күнү саат 17.00дө болгон. Бир үлпөт тойду Аксы районунун Кызыл-Жар айылындагылар, экинчисин Таш-Көмүр шаарынын тургундары майрамдап жаткан. Ортодо чыккан чырдан улам 1994 жана 1996-жылкы балдар жабыркаган.

Кызыгы, милиция окуяны массалык мушташ деп баалаган жок. Маалыматка караганда, эки тарапты бөлүштүрүп коюшкан. Алар бири-бирине арыз жазып милицияга кайрылышкан эмес. Соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн дагы баш тартышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0