Үлпөт тойдогу массалык мушташ видеого түшүп калган. Милиция тактап жатат

Жазылуу
Социалдык тармактын айрым колдонуучулары видеонун Ошто тартылганын айтышса, кээ бирөөлөр Жалал-Абадда болгонун жазышууда.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Интернетте Кыргызстанда болду делген массалык мушташтын видеосу тарап жатат.

"Короче" деп аталган Telegram-каналга окуянын эки башка ракурста тартылган видеосу жүктөлгөн.

Кадрдан адамдардын кыргызча сүйлөп жатканын угууга болот. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары видео Ошто тартылган дешсе, кээ бирөөлөр Жалал-Абадда болгонун жазышууда.

Ош ИИББдин маалымат кызматы Sputnik агенттигинин кабарчысына мындай окуя тууралуу билдирүү түшпөгөнүн, бирок учурда маалыматты тактап жатышкандыгын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0