Бишкекте жол чийинден өтүп бараткан кишини машина учура сүздү. Видео

© AFP / JOHANNES EISELEЖолдон өтүп бараткан адамдар. Архив
Жолдон өтүп бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 21-октябрда Лев Толстой менен Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Тилекке каршы, жаракат алган киши каза болуп калган.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкекте жол чийинден өтүп бараткан кишини ыргыта сүзгөн учур көзөмөл камерасына түшүп калган. Бул тууралуу маркумдун бир тууганы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Кырсык 21-октябрда Лев Толстой менен Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Видеодон киши жол чийинден өтүп баратканда машина токтоп жатканын көрүүгө болот. Бирок ал андан ары басканда минивэн келип учура сүзгөн. Тилекке каршы, жаракат алган киши каза болуп калган.

"Айдоочу менен сот жең ичинен сүйлөшүп алган деп шектенип жатабыз. Ишти жаап коюуга аракеттер болуп жатат деп корком. Айдоочуну үй камагына чыгарды. Прокурор менен тергөөчү эч нерсе кыла албай жатат", — деди маркумдун агасы.

Шаардык милициянын маалымат кызматынын кабарлашынча, тергөөчү менен прокурор шектүү кишини камакка алуу боюнча арыз жазганы менен Свердлов райондук соту аны үй камагына чыгарып жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0