Чүйдө 17 жаштагы кызды бир жумадан бери издеп жатышат. Сүрөт

© Sputnik / Эмиль СадыровСуу жээгиндеги кыз. Архив
Суу жээгиндеги кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоголгон кыздын бою 168-170 сантиметр, көздөрү бүтүк, эрининде калы бар. Үстүндө кызыл-жашыл түстөр аралаш кардиган, көк түстөгү көйнөк, жинсы шым болгон. Кара түстөгү спорттук бут кийимчен кеткени айтылды.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда сегиз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Кундуз Кубатбек кызы изделүүдө. Бул тууралуу Чүй милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

© Фото / Пресс-служба ГУВД Чуйской областиКундуз Кубатбек кызы
Чүйдө 17 жаштагы кызды бир жумадан бери издеп жатышат. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кундуз Кубатбек кызы

Ал 17-октябрь күнү Ивановка айылындагы үйүнөн саат 7.30да чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Профилактическая беседа с гражданкой Франции, считавшейся без вести пропавшей - Sputnik Кыргызстан
Милиция жоголуп табылган франциялык саякатчы менен баарлашты. Сүрөт
Белгилери: бою 168-170 сантиметр, көздөрү бүтүк, эрининде калы бар. Үстүндө кызыл-жашыл түстөр аралаш кардиган, көк түстөгү көйнөк, жинсы шым болгон. Кара түстөгү спорттук бут кийимчен кеткен.

Кыздын кайда экенин көрүп билгендер Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 0 (312) 61-69-07,  0 (707) 25-79-02 номерлери аркылуу же 102 кызматына чалса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0