"Манас" аэропортундагы автоунаанын багажынан кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо
 Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгы багажда табылган кишинин сөөгүндө кыйнап өлтүрүүнүн белгилери калгандыгын көрсөткөн.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik.  "Манас" эл аралык аэропортундагы автоунааны бекер токтотуучу жайда турган автокөлүктүн багажынан кишинин сөөгү табылганын аталган аэропорттун маалымат кызматынан тастыкташты. 

Ал эми милициянын маалыматына караганда, кишинин жоголуп кеткени боюнча анын тууганы тартип коргоо органдарына кайрылган. Анда 22-октябрда саат 21:20лар чамасында үйүнөн аэропортту көздөй чыгып кеткени кабарланган. 

Буга чейин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү кишинин айтымында, сөөк "Манас" аэропортунун аймагындагы автоунааны бекер токтотуучу жайдан табылганы, маркум 39 жашта экендиги кабарланган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгы 23-октябрда саат 20:00дөр чамасында табылган кишинин сөөгүндө кыйнап өлтүрүүнүн белгилери калгандыгын көрсөткөн. Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

"Учурда аталган кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн ИИМдин, ШИИБдин, Чүй облустук жана Сокулук РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлдү. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Ишти тергөө Ички иштер министрлигине берилди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0