Бишкектеги пакистандыктардын мушташы. Эки киши камакка алынды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСледственный изолятор №2 Бутырская тюрьма
Следственный изолятор №2 Бутырская тюрьма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-октябрда милиция 30дан ашык пакистандык жаранды мушташка аралашты деп кармаган. Окуя учурунда окуу жайдын мүлкүнө зыян келген.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук соту бейбаштыкка шектелген Пакистандын эки жаранын №1 тергөө абагына эки айга камакка алды. Бул туурасында райондук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин борбор калаанын милициясынын убактылуу кармоо жайына Пакистандын 19 жаштагы эки жараны киргизилген.

"Баш коргоо чарасы тандалып, эки айга №1 тергөө абагына камакка алынышты. Алар "Бейбаштык" беренеси менен шектелип жатат", — деп айтылат билдирмеде.

Милицияга 2019-жылдын 14-октябрында саат 15:40та Исакеев менен Виноградная көчөлөрүнүн кесилишинде чет элдик студенттер мушташып жатат деген кабар түшкөн. Ага жакын жерде эл аралык медициналык окуу жайы жайгашкан.

Конфликт между людьми - Sputnik Кыргызстан
Милиция маршрутканын айдоочусун бет талаштыра чапкан кишини издеп жатат
Пакистан жарандары Р.А. менен А.И. аталган ЖОЖдо окуган студенттер менен уруша кеткен. Анын кесепетинен милициянын төртүнчү бөлүмүнө Пакистандын 30га жакын жараны чырдын чоо-жайын аныктоо үчүн жеткирилген.

Муну менен катар эле чет элдиктер окуган университеттин администрациясы окуу жайдын буюмдарын талкалап салган белгисиз адамдарга чара көрүү үчүн милицияга кайрылган.

Аталган факты Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 2-беренеси менен ("Бейбаштык") катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0