Кечээ кечинде Бишкек — Ош жолунда автокырсыктан эки киши каза тапты

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерге барган алты куткаруучу автокөлүктөн сөөктөрдү чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда ("Париж" тилкеси) кечээ кечке жуук эки автоунаа кагышып, эки эркек киши каза таап, бешөө жаракат алган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кан жолдун 115-чакырымында Honda Stepwgn менен Daewoo Nexia автоунаалары кагышкан. Жаракат алгандардын үчөө эркек, экөө аял киши экендиги айтылды.

Кырсык болгон жерге барган алты куткаруучу автокөлүктөн сөөктөрдү чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жарадар болгондорду Тез жардам Жайыл райондук ооруканасына алып кеткени кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0