Бишкекте жол тандабас токтоп турган унааларды коюп кетти. Видео

Жазылуу
Айдоочу рулду башкара албай калып токтоп турган үч унааны коюп кеткен. Окуянын видеосу интернет тармагына жүктөлдү.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкекте жол тандабас токтоп турган үч унааны коюп кетти. Окуянын видеосу Twitter тармагына жүктөлдү.

Посттун @KMerinovich аттуу автору кырсык 9-октябрь күнү Орозбеков көчөсүндө болгонун билдирди.

"Бүгүн менин эле эмес, башка унааларды дагы коюп кетти. Жигиттер катуу ылдамдыкта баратышкан окшойт. Дөңгөлөк алдында калып кала жаздаган баланы кудай өзү сактаптыр", — деп жазды ал.

​ЖКККББ окуя болгонун ырастап, күнөөкөр унаа ээлерине материалдык чыгымдарын төлөп бергенин маалымдады. Жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0