Ирина Карамушкина парламенттен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды

Жазылуу
Эл өкүлү акыркы кезде укук коргоо органдары жарандардын жана депутаттардын укуктарын бузуп жатканын айтып, ал боюнча унчукпай отурууга болбой турганын белгиледи.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина парламенттин жалпы жыйынында президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аны кабыл алууну суранды.

Ушу тапта депутаттар жалпы жыйында ар кандай маселелерди кароодо.

Эл өкүлү акыркы кезде укук коргоо органдары жарандардын жана депутаттардын укуктарын бузуп жатканын айтып, ал боюнча унчукпай отурууга болбой турганын белгиледи.

“Азырынча менин мандатым жана кайрылуу укугум бар. Андыктан мен түздөн-түз президентке мурдагыдай партиялаш, үзөңгүлөш катары эмес, өлкөнүн президенти катары кайрылам. Биз аудиенцияны талап кылабыз, бизди кабыл алыңыз, көзүбүзгө тик карап туруп мамлекетте эмне болуп жатканын айтыңыз. Эгер элди консолидация кылып, мамлекетти өнүктүрөм десеңиз, колду басым кылуучу рычагдарда эмес, башкаруу пультунда кармаш керек”, — деди депутат.

Карамушкина ошондой эле Атамбаев башаламандык уюштурууну кааласа 7-августта эле элди баштап кетмектигин белгилеп, ошол учурда эл өзү деле аянтка чыгууга даяр болгонун айтты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташы Алга Кылычев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алга Кылычев Атамбаевге каршы көрсөтмө берип жатат. Адвокат чоо-жайын айтты
Депутат, андан сырткары, Атамбаевге ТЭЦ, көмүр, жер тилкеси жана башка иштер боюнча коюлуп жаткан айыптардын бардыгы учурунда парламенттин, төраганын уруксаты менен ишке ашканына токтолду.

“Азыр Атамбаевге коюлуп жаткан айыптардын бардыгы силердин макулдугуңар менен жасалбады беле! Парламент макул болуп, эч ким унчуккан эмес. Ошол маалда мен Сооронбай Жээнбековдун да, Асылбек Жээнбековдун дагы “Атамбаев, сен туура эмес кылып жатасың, модернизация туура эмес болуп жатат” деп айткандарын укканым жок”, — деди Карамушкина.

Эл өкүлү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге коюлуп жаткан айыптар боюнча өзү гана жооп бербестен, ага жол берген, макул болгондордун да жоопкерчилиги каралышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0