Маалымат булагы: Бишкекте милиция жетекчиси жолдогу айдоочуга ок чыгарган

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудник милиции выстрелил в 15-летнего подростка в Бишкеке
Сотрудник милиции выстрелил в 15-летнего подростка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарадар болгон жаран Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Эми ага операция жасалары айтылды.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бүгүн, 9-октябрда, Бишкек шаардык криминалдык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангулов бирөөлөр менен жол талаша кетип, ага ок чыгарган. Бул тууралуу тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар билдирди.

Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сокулук милициясынын тергөөчүлөрү жаңы жетекчисине нааразы. Окуя эмнеден ырбаган?
Окуянын Токомбаев жана Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгону айтылууда.

Амангулов 25 жаштагы айдоочу менен айтыша кеткен. Милиционер тапанчасын алып чыгып, урушуп жаткан кишиге карай ок чыгарган.

Жарадар болгон жаран Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

“Эртең менен 25 жаштагы октон билеги жана чыканагы жарадар болгон жаран келип түшкөн. Зарыл болгон жардам көрсөтүлдү. Операция жасайбыз, абалы орточо оор”, — деп айткан Жумабеков.

Бишкек шаардык милициясы бул кабарды тактаган да, жокко чыгарган да жок. Алар маалыматты кечирээк бере турганын айтышты.

Эске салсак, Амангулов 2019-жылы 11-апрелде Кант шаарында уурдалган 10 жаштагы Данил Браилкинди табуу иштеринин ийгиликтүү болгону үчүн сыйланган Криминалдык милиция кызматынын түзүмүнүн 10 кызматкеринин катарында болгон. Ага "Каармандык" медалы ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0