Жыл башынан бери жол кырсыгынан 500дөн ашык киши каза болду

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуДТП на пересечении улиц Токомбаева и Шералиева
ДТП на пересечении улиц Токомбаева и Шералиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКККББнын башчысы депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, жасалма номерлерди аныктоо боюнча атайын рейддер уюштурулуп жатканын жана бүгүнкү күнү мындай 421 факты аныкталганын билдирди.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Жыл башынан бери жол кырсыгынан 526 киши каза болду. Мындай маалыматты ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Бүгүн депутаттар "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карашты. Ал биринчи окууга киргизилет.

Өкмөттүк трассада унаа менен мотоцикл кагышып кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүк трассада унаа менен мотоцикл кагышып кетти. Видео
Исраилов өз сөзүндө бүгүнкү күнү 38 жол кесилишинде "Коопсуз шаардын" камералары иштеп жатканын билдирди. Андан сырткары, камералар аркылуу аныкталган жол эрежесин бузуу боюнча салынган айыптардан азыркы учурда 345 миллион сом айып пул төлөнгөнүн айтты. Бул жалпы салынган айыптардын 43 гана пайызын түзөт.

ЖКККББнын башчысы депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, жасалма номерлерди аныктоо боюнча атайын рейддер уюштурулуп жатканын жана бүгүнкү күнү мындай 421 факты аныкталганын билдирди.

Эл өкүлү бул абдан аз экенин айтып, азыр айдоочулардын 50 пайызы жасалма номер менен жүргөнүн белгиледи.

Ал эми Исраилов машиналарын каттатпай, мөөнөтү өтүп кеткендер боюнча 22 660 протокол түзүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0