Новосибирскидеги кыргыздар иштеген базардагы атышуу боюнча иш козголду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРоссияынын полиция кызматкерлери. Архив
Россияынын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милицияга 25 адам алып келинген. Сурактан кийин алардын баары бошотулган. Жаңжалдан жапа чеккен беш адамга медициналык жардам көрсөтүлгөнү айтылды.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Новосибирск шаарындагы базарда чыккан жаңжал боюнча укук коргоо органдары тарабынан "Бейбаштык" жана "Опузалап талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун Россиядагы өкүлчүлүгүнө таянуу менен Ички иштер министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, 7-октябрь күнү түштөн кийин мөмө-жемиш саткан Хилоский базарында мушташ чыгып, ок атылган. Новосибирскидеги кыргыз диаспорасынын жетекчиси Жаркынбай Тойтуков Sputnik Кыргызстан агенттигине мушташ базарда иштегендер менен аларды карактоого келген адамдардын ортосунда болгонун айтты.

ИИМдин маалыматына караганда, аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн тийиштүү ыкчам аракеттердин баары көрүлгөн.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө видеокамералар, ошол жакта калган унаалар текшерилген. Бардык буюмдар далил катары иштин материалдарына тиркелип, керектүү экспертизалар дайындалды. Милицияга 25 адам алып келинген. Сурактан кийин алардын баары бошотулду. Жаңжалдан жапа чеккен беш адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Новосибирск шаарынын укук коргоо органдары жаңжалга тиешеси бар делген адамдарды издеп жатат.

Бул факты боюнча ИИМдин өкүлчүлүгү тартип сакчылары менен тыгыз иштешип жатканы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0