Майлы-Суу: көпүрөдөн өтүп бараткан автоунаа кулап үч адам каза болду

Жазылуу
Учурда кырсык боюнча териштирүү жүрүп жатат. Жакындары маркумдарды соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты.

ОШ, 8-окт. — Sputnik. Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш аймагында жөө кишилер үчүн жасалган көпүрөдөн өтүп баратып сайга кулаган унаадагы үч адам каза болду. Бул маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Кырсык 4-октябрга караган таңкы саат 04:00 чамасында болгон.

Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак-Буурага автоунаасы менен түшүп кеткен аялдын сөөгү табылды
Honda Fit унаасы Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш аймагындагы жөө адамдар өтүүчү көпүрөдөн өтүп баратып, сайга кулап кеткен. Унаанын ичиндеги айдоочу жана эки жүргүнчү ошол жерден мүрт кеткен.

Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук катары катталган. Учурда кырсык боюнча териштирүү иши жүрүп жатат. Жакындары маркумдарды соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты.

Каза тапкандардын бири шаардагы аскер бөлүктүн кызматкери болсо, экөө Майлуу-Суу шаарынын тургундары экендиги белгилүү болду.

Маалымат иретинде айтсак, кырсык болгон көпүрө союз мезгилинде жөө адамдар үчүн курулган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0