Бишкек: кишини батирде сабап, кармап отурушкан. Шектүү кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовМуштум. Архив
Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ою жаман адамдар кармап алган кишисин батирден чыгарбай бир нече саат опузалап, кыйнашкан. Андан сырткары, сабап, ал тургай акчасын тоноп кетишкен. Милиция шектүүнүн бирин тапканда ал бычак ала жүгүргөн.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Милиция курал колдонуп каракчылык кылган деп шектелген кишини кармагандыгын

Бишкек милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаПодозреваемый в разбойном нападении с применением огнестрельного оружия
Бишкек: кишини батирде сабап, кармап отурушкан. Шектүү кармалды - Sputnik Кыргызстан
Подозреваемый в разбойном нападении с применением огнестрельного оружия

4-октябрда И.С. аттуу жаран аны сабап жана батирде күч менен кармап отурушуп, андан соң тоноп кеткендерге чара көрүүнү суранып, арызданган. Маалыматка караганда, алар аталган жаранды болжол менен саат 16:00дөн 21:00гө чейин Бишкектеги Тоголок Молдо көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде кармап отурушкан. Берген көрсөтмөлөрүнө караганда, бычак жана курал менен коркутуп, опузалап, андан соң үч миң долларын ала кетишкен.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаОгнестрельное оружие изъятое у задержанного по подозреваемого в разбойном нападении
Бишкек: кишини батирде сабап, кармап отурушкан. Шектүү кармалды - Sputnik Кыргызстан
Огнестрельное оружие изъятое у задержанного по подозреваемого в разбойном нападении

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын реестрине "Каракчылык" беренеси менен катталган.

"Милиция ал кишини кайда кармап турушкандыгын тактап, саат 23:00дө ыкчам тинтүү жүргүзгөн. Анткен менен буга үйдөгү киши каршылык көрсөтүп, милицияга бычак ала жүгүргөн. Тартип сакчылары аны тез эле куралсыздандырып кармашкан", — деп айтылат маалыматта.

Батирди тинте келгенде УЗИ үлгүсүндөгү курал жана баңгизатка окшогон жашыл түстөгү чөптүн бир нече ыкма менен даярдалган түрлөрү табылган.

Сотрудник милиции города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: балдарды аёосуз сабагандар менен иштен алынган милиционер бир тууган
Бул окуялардан кийин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине үч берене менен иш катталган.

Тинтүү учурунда араб тилиндеги китептер чыккан. Бул боюнча да иш козголгон.

Кармалган жаранды Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизишип, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Маалыматта тартип сакчыларынын эми калган шектүүлөрдү издеп жаткандыгы айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0