Кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштурган. Атамбаевге күнөө коюлду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев встретился с жителями Бишкека
Президент Алмазбек Атамбаев встретился с жителями Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура айып төрт кишиге коюлганын, алардын арасында Алмазбек Атамбаевдин да бар экени айтылды. Эми иш Бишкектин райондук сотторунун биринде каралат.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтүн 9-декабрга чейин узартты - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин жан сакчысы Сагымбаевдин камактагы мөөнөтү узартылды
Башкы көзөмөл орган ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан берилген материалдарды карап бүттү. Камакта отурган мурунку президент Алмазбек Атамбаевге анын уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупцияны уюштурууга шектелип жатканы тууралуу билдирме берилген.

Күнөө коюлган актыларды Башкы прокуратура бекитип, аларды Атамбаевге, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана ошол учурда Бишкектеги Гематологиялык борбордун директору болуп турган Абдухалим Раимжановго тапшырды.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык баш аламандык уюштуруу боюнча айыпталып, Аламүдүн соту тарабынан 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылган деп бошотулуп, Кыргызстандан Грозныйга учуп кеткен. 2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган.

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Комиссия отурумунда Атамбаевдин үйүндөгү курал кантип чыгарылганы айтылды
Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, ошол учурда президенттик аппараттын сот реформалары бөлүмүндө иштеген Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Батукаевдин бошотулушуна Алмазбек Атамбаевдин да түз тиешеси болгон деген кине менен мурунку президенттин өкүлдөрүнө үч ирет суракка чакыруу берилген. Атамбаев ИИМге баруудан баш тарткандан кийин 7-август күнү УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү мурунку президентти мажбурлап алып келүү тапшырмасы менен анын Кой-Таштагы үйүнө басып кирген. Бирок Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, акыркы маалыматтар боюнча, 140ка чукул адам ар кандай жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0