Зордукталып талаада тоңуп өлгөн мас келин... Сентябрдагы соттук чечимдер

© Sputnik / Табылды КадырбековАялды муунтуп жаткан адам. Архив
Аялды муунтуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алты баланын энеси кайнисинин үч жаштагы уулун төшөккө сийип койгону үчүн катуу сабаган. Наристе ооруканага жетип эле чарчап калган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги сентябрь айындагы соттук чечимдерди сунуштайт. Кылмыштардын арасында төбө чачты тик тургузган өкүмдөр да жок эмес.

Ээнбаш эргулдар

Жалал-Абад шаарындагы сейил бактардын биринде 25 жаштагы эки жигит травматикалык тапанча таап алып, куралды карактоо максатында колдонгон. Алар бир жабырлануучунун башына ок кадаса, экинчисин далыга аткан. Шылуундар өздөрүнүн курмандыктарын көчөдө эле автоунаа менен кысып токтотуп, тапанча менен коркуткан. Эми эки дос 13 жана 16 жыл бою темир тор артында болот.

Сабалган наристе

Случаи нападения на человека с ножом - Sputnik Кыргызстан
Келинчегин 41 жолу бычак менен сайып өлтүргөн. Август айындагы соттук чечимдер
Жаш келин кайнисинин төшөккө сийип койгон үч жаштагы баласын катуу уруп койгон. Оор жаракат алган наристе ооруканада чарчап калган. Сот отурумунда аларды кабыл алган дарыгер баланы тез арада жаткырып дарылоо керектигин айтканда, айыпталуучу аны алып кетип келбей койгонун билдирген. Ал эми чарчап калган баланын ата-энеси жеңесине доосу жок экенин, бала ойноп жатып өзү кулап кеткенин айткан. Кичинекейге кол көтөргөн аялдын жашы жете элек алты баласы бар. Фемида өкүлдөрү аны сегиз жылга эркинен ажыратып, 90 миң сом айып пул салды.

Талаада тоңуп өлгөн келин

Соттолуучу айылдан тааныш келинди автоунаасы менен жеткирип келем деп салып кеткен. Алар жолдон чогуу арак ичкен. Эргул машинаны ээн жерге айдап барып, аялдын мастыгынан пайдаланып зордуктап, андан соң жан жок талаага жарым жылаңач тейде таштап салган. Эркек сөрөйдүн былыгы каргаша менен аяктап, 41 жаштагы аял талаада тоңуп өлүп калган. Сөөгү төрт күндөн кийин гана табылган. Бирок шектүү кылганын мойнуна албай, маркум унаага түшкөнгө чейин эле мас болуп, орто жолдон заара кылуу үчүн токтоттургандыгын айткан. Андан сырткары, ал аялды 10-15 мүнөт күтүп, келбей койгондо кетип калганын сөз кылган. Сот аны үч жылга шарттуу кести.

Соттолгон погончондор

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайын саткан келин менен эки дарыгер беш жылдан соттолду. Өкүм
Метеостанцияда иштеген Азамат жалпы жыйында уйларды станциянын аймагына жайган өзүнүн кызматкери Табылдыга катуу эскертүү берген. Мындан улам экөөнүн ортосунда уруш чыгып, өч алгысы келген Табылды үч погончон таанышын ортого салган. Алар ай-буйга келбей эле Азаматты ур-токмокко алышкан. Андан сырткары, жумушта колдонгон резина таяк менен зордуктап, видеого тартып алабыз деп коркутушкан. Сотто укук коргоо кызматкерлери жабырлануучу автоунаанын терезесин атайын сүзүп, жаракат алууга аракет кылгандыгын айтышты.  Жыйынтыгында милиционердин бирөө акталып, калган экөө 4,5 жана 2,5 жылга камалды.

Абышканы сабаган жаштар

Ал күнү Улукбек короодо достору менен арак ичип отурган, ошол маалда 70 жаштагы кошунасы көчөдө өтүп бараткан эле. Улукбек "эй, чанач, бери келчи!" — деп чакырат. Ачуусу келген абышка ага катуу жооп узаткан. Анда жаш жигиттин жоро-жолдоштору колуна таяк алып, карыяны сабап салган. Мушташкандарды аялдар кыйкырып-өкүрүп кууп жиберишкен. Бактыга жараша, абышка катуу жаракат албай, денесинин айрым жерлери гана көгала болгон. Чоң муштум Улукбек эми өмүрүнүн төрт жылын темир тор артында өткөрөт.

Шалаакы милиционер

Дүйнө сулуусу наамынын ээси Сания Шакирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сания Шакированын өлүмү: Жогорку сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды
Аймакта иштеген тергөөчү борбор калаага жол тартып, Бишкектен бир оор кылмыш ишинин соттук-психиатриалык экспертизанын жыйынтыгын алып кетмек. Бирок кайра иштеген жерине жол тарткан укук коргоо кызматкери барга кирип, маанилүү кагаздары менен документти жоготуп жиберген. Бирок болгон ишти ачык айтпай, бирөөлөр карактап кетти деп актанат. Ал эми анын кесиптештери кагазды парктан эле таап алган. Эми погончон жигит үч жылга ишинен четтетилди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0