16:05 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Бейтап. Архив

ЖМК: Ташкентте кош бойлуу келин пластикалык операциядан кийин каза болуп калды

© Sputnik / Варвара Гертье
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
206 0 0

Мындай окуя Ташкентте биринчи жолу катталып жаткан жок. Ал жакта Казакстандын жараны дагы пластикалык операциядан кийин каза тапкан.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ташкенттеги клиникада пластикалык операция жасаткан эки аял каза болгонун Sputnik Өзбекстан агенттиги "Газета.уз" басылмасына шилтеме берип жазды.

"Казакстандын жараны Л. А. (1976-жылы туулган) өз макулдугу менен мурдунун жана анын тосмолорун түздөө операциясын жасаткан. Операциядан кийин өз алдынча дем алып, антибактериалдык дарылануудан өтүп жаткан", — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Анткен менен бир нече убакыттан кийин келин өзүн жаман сезип, Республикалык тез жардам илимий борборуна жеткирилген. Бардык көрсөтүлгөн жардамга карабай өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес. 

"Соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө ылайык, келин мээдеги кан айлануунун кескин бузулушунан улам геморрагиялык инсультка учураган", — деп билдирген басылма.

1999-жылы туулган дагы бир бейтап наркоз алгандан кийин эле начарлай түшкөн. Аны жеке клиникага алып барышкан, бирок аман алып кала алышкан эмес. Келиндин кош бойлуу экендиги айтылат.

Шайхантахур райондук прокуратурасы сотко чейинки иштерди жүргүзүүдө. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан клиниканын дарыгерлерине карата кызматтык текшерүү башталганы маалым болду.

Белгилей кетсек, акыркы кезде пластикалык операциядан кийин каза болгон учурлар көп катталууда.

Хирургиялык операция учурунда анестезиянын кесепетинен адам инсультка, миокарддын инфарктына, кан тамырлардын басымынын түшүп кетишине, кандын уюшуна жана анафилаксиялык шокко (кайталап куюлган чоочун заттарга организмдин жалакайлык реакциясы — ред.) учурашы ыктымал.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Ашыгы үчүн төшүн чоңойтмокчу болгон келин майып болуп кала жаздады
Белгилер:
өлүм, операция, Ташкент, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ