Жалал-Абаддагы аткаминер кабинеттен капчыгын уурдаткан. Шектүү кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКапчык. Архив
Капчык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад мэриясынан аппараттын жетекчиси жыйналышка чыгып кеткенде кабинетинен капчыгы уурдалгандыгын тастыкташты.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Жалал-Абад мэриясынын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдиновдун август айында кабинетинен уурдатып жиберген капчыгын алды деп шектелген 16 жаштагы улан кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык милициясынан кабарлашты.

Акчасы менен буюмдарын уурдаткан Зияйдинов милицияга ошол күнү кайрылган.

Жалал-Абад мэриясынан аппараттын жетекчиси жыйналышка чыкканда капчыгы уурдалгандыгын тастыкташты.

"Ошол эле күнү болжол менен саат 11:30дар чамасында Жалал-Абад шаардык мэриясынын 3-кабатындагы иш бөлмөсүндө капчыгын, анын ичинде 100 долларын, 5550 сомун, банктык карточкасын жана ID жарандык паспортун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкен", — деп жазылат маалыматта.

Арыздын негизинде окуя болгон жерде кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолуп, Жалал-Абад милициясы фактыны каттап, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Милиция бүгүн, 2-октябрь күнү, Жалал-Абад шаарынын 16 жаштагы тургунун шектүү катары кармап, тергөө кызматына өткөрүп берген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0