03:34 07 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9205
  • EUR91.0969
  • RUB1.0531
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
283 0 0

Бишкек ШИИБдин алдын ала берген маалыматы боюнча, жигит сууга кокусунан түшүп кеткен. Каналдан достору чыгарууга аракет кылып, бирок андан майнап чыккан эмес.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Куткаруучулар Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 19 жаштагы жигиттин сөөгүн таап чыгышты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Белгилей кетсек, 2-октябрга караган түнү бир адамдын сууга түшүп кеткени айтылган. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар аны таба албай коюшкан.

"Жигиттин сөөгү болжол менен саат 13.00дөрдө табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек милициясы кырсык тууралуу билдирүү 102 кызматына 2-октябрь күнү саат түнкү 1.00дөрдө түшкөн. Ишти Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы жүргүздү. Алдын ала маалымат боюнча, жигит Чоң Чүй каналына кокусунан түшүп кеткен. Достору алып чыгууга аракет кылып, бирок андан майнап чыгара алышкан эмес. Ошондон кийин гана куткаруучулар чакырылган.

Тема боюнча

Милиция апрелдин түнүндөгү автокырсыкка күбө болгондорду издеп жатат
Түндө Чоң Чүй каналына 19 жаштагы жигит чөгүп кетти
Белгилер:
милиция, жигит, канал, ЧЧК, ӨКМ

ЭҢ МААНИЛҮҮ