ИИМ: Чүй менен Бишкекте "Коопсуз шаардын" 14 камерасы талкаланды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗапуск проекта ГЧП "Безопасный город"
Запуск проекта ГЧП Безопасный город - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлиги камералар уурдалып, аткыланганын, мындан тышкары, операторго кол салуу менен анын таш-талканын чыгарууга аракеттер болгонун айтып берди.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден тарта Бишкек менен Чүй облусунда жол эрежесинин бузулушун каттоого алган 14 камера талкаланганын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматта мындан миллиондогон зыян келгени, фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

"Кол салууга операторлор да кабылууда. Өтө бийик орнотулган камераларды да кыйратып кеткен учурлар кездешет. Аткылап жарактан чыгарып салгандар, уурдап кеткендер да бар. Фактылардын баары каттоого алынып, иш козголгон. Учурда тергөө жүрүп, шектүүлөр изделип жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ элге кайрылып, аталган камералар кымбат турарын, талкалап жарактан чыгаргандар жоопкерчиликке тартыларын эске салат.

Айыпкерлер келтирилген чыгымдын ордун толуктап, миллиондогон сомго чыгым болору белгиленди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0