Ошко келе жатып Самарага конгон учак: андагы ооруган баланын абалы кандай?

© Sputnik / Табылды КадырбековЛечение дисплазии тазобедренного сустава в Кыргызстане
Лечение дисплазии тазобедренного сустава в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Самолёт Курумоч аэропортуна жергиликтүү убакыт менен саат 21:50дө конгон. Ал эми 23.00дө кайра абага көтөрүлүп, бир нече сааттан соң Ош шаарына жетти.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва — Ош багыты менен бара жаткан учактын шашылыш түрдө конуусуна себеп болгон бөбөктүн акыбалы тууралуу маалымат берди.

Аэропорт Внуково имени А. Н. Туполева - Sputnik Кыргызстан
Учактагы ымыркайдын өлүмү. Самолетко кандай оору менен ооругандар түшө албайт
Мурдараак Жуковский (Москва) аэропортунан Ошко учуп чыккан учак Самара шаарынын аба майданына конгону айтылган. Командир борттогу наристенин абалы начарлап кеткендиктен, шашылыш конууга уруксат сураган. Бөбөк Самарадагы № 5 ооруканага ОРВИ диагнозу менен жеткирилген.

Элчиликтен билдиришкендей, учак ооруп жаткан баланын дене табы өтө жогорулап кеткендиктен конууга мажбур болгон.

“Дарыгерлердин айтымында, баланын абалы туруктуу. Бирок дене табы бийик бойдон калууда. Азыр дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө. Апасы Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну экен, ал наристенин жанында”, — деп айтылат билдирүүдө.

Самолёт Курумоч аэропортуна саат жергиликтүү убакыт менен 21:50дө конуп, 23.00дө кайра абага көтөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0