13:06 22 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Тез жардам кызматы. Архив

Бишкекте Sprinter коюп кеткен пенсионер аял каза болду

© Sputnik / Наталья Селиверстова
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (243)
41 0 0

Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа 7-апрель көчөсү менен түндүктү көздөй баратып 61 жаштагы аялды коюп кеткен.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкекте бус коюп кеткен аял каза тапты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык кечээ, 24-сентябрда, саат 20.30дар чамасында 7-апрель көчөсүндө (Түштүк магистралдан алыс эмес) болгон.

"Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа 7-апрель көчөсү менен түндүктү көздөй баратып 61 жаштагы аялды коюп кеткен. Пенсионер алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге автоинспекторлор менен медиктер жетип барган. Унаа айып короого токтотулуп, топтолгон материалдар тергөө кызматына жөнөтүлдү. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.

 

Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (243)

Тема боюнча

Бишкектин чок ортосунан эки автоунаа кагышты. Сүрөт.
Бишкекте үч унаа кагышып, бир аял көз жумду. Видео
Белгилер:
жол кырсык, пенсионер, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ