Министрлик: шамал мектеп чатырын учуруп, үйлөрдүн шыбагын түшүргөн

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуЧасть облицовки дома, упавшая из-за ветра на припаркованные машины в микрорайоне "Тунгуч"
Часть облицовки дома, упавшая из-за ветра на припаркованные машины в микрорайоне Тунгуч - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шамал Бишкек шаарындагы Учкун жаңы конушунда жайгашкан орто мектептин чатырынын 300 чарчы метрин учуруп кеткен.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында 23-сентябрда болгон шамалдан бактар кулап, үйлөрдүн сыртындагы шыбактар түшүп, автонуааларды басып калган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 23-сентяябрда таңга маал Чүй облусу менен Бишкек шаарында катуу шамал болгон. Социалдык тармактарга анын видеосу жана кесепетинин сүрөттөрү жарыяланган.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдүн Ак-Суусунда катуу шамалдан жабыркаган 33 жаштагы бейтап каза болду
Ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал мектепке да зыян келтирген. Бишкек шаарындагы Учкун жаңы конушунда жайгашкан №89 орто мектебинин имаратынын чатырынын 300 чарчы метрин учуруп кеткен.

Андан сырткары, онго чукул жерде бак-дарактар кулаган, бир катарлары жолдорду жаап калган.

Ошондой эле Тунгуч кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн сырткы шыбагы түшүп, автоунааны басып калган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0