08:33 17 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Колу байланган киши. Архивдик сүрөт

Бишкекте кишилерди аёосуз сабады деген шектүүлөрдүн колу сындыбы? Сүрөт

CC0 / Pixabay / Stefano Ferrario
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Бишкекте чала жан сабалган кишилер (28)
105210

Борбор калаанын Жал кичирайонунда кишилерди аёосуз сабагандардын аракети видеого түшүп калган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. WhatsApp мессенджеринде жана социалдык тармактарда Жал кичирайонунда жигиттерди сабаган шектүүлөр Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сеитбековдун колдору сынып, гипс коюлган сүрөттөрү тарап жатат.

Буга чейин кабарлангандай, алар 19-сентябрда эртең менен №1 тергөө абагында чогуу отургандар менен мушташа кеткен. Окуядан соң алар №47 түзөтүү колониясына которулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Бапышев менен Сеитбеков жеңил гана жаракат алганын кабарлаган болчу

Социалдык тармакта тарап жаткан сүрөттө шектүүлөрдүн колу гипстелгенин көрүүгө болот. Ал эми Жаныбек Бапышевдин оң көзүнүн ичи кызарып калган.

ЖАМКтын маалымат кызматы шектүүлөр мушташа кеткенден кийин чындап эле колдоруна гипс салынганын ырастады.

"Мушташтан кийин шектүүлөр Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилип, дарыгерлер алардын колунун эти чоюлуп калганын аныкташкан. Андыктан алардын колуна гипс салынды. №47 түзөтүү колониясынан коюлган диагнозду тастыкташты. 20-сентябрда шектүүлөр кайрадан убактылуу кармоо жайына алып келинген", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичирайонундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген. Кийин шектүүлөр милицияга өздөрү келген. Ал эми милициядагы бир тууганы колго түшүрүлгөн.

Тема:
Бишкекте чала жан сабалган кишилер (28)

Тема боюнча

Шылдыңы өттү! Агасын өлтүрүп сөөгүн өрттөп ийди делген жигит көрсөтмө берди
Белгилер:
социалдык тармак, Сүрөт, ЖАМК, шектүү, мушташ, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ