Кеминде кызды зордуктайм деп өлтүрүп салган. Шектүү кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМуштум түйүп турган адам. Архив
Муштум түйүп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14 жаштагы кыз эки күн мурда жоголуп кеткен. Бүгүн эртең менен апасы милицияга жардам сурап кайрылган.

БИШКЕК, 22 сен — Sputnik. Чүй облусунда 14 жашар кызды өлтүрдү деп шектелген бала кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиШектүү
Кеминде кызды зордуктайм деп өлтүрүп салган. Шектүү кармалды - Sputnik Кыргызстан
Шектүү

Милицияга 22-сентябрда таңкы саат 6:00дө 57 жаштагы аял кайрылып, кызы 20-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе электигин айткан.

Ыкчам иликтөө аракеттеринин негизинде милиционерлер бош турган үйлөрдүн биринен кыздын сөөгүн тапкан. Бул факты Жоруктар жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөндө 71 жаштагы кемпирди өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишти
Изи сууй электе буга чейин соттолгон 20 жаштагы улан шектүү катары кармалды. Алдын ала маалымат боюнча, 20-сентябрда саат болжол менен 21:30дар чамасында шектүү Кеминдин көчөлөрүнөн кызга жолугуп, зордуктоо үчүн бош турган имаратка күч менен сүйрөп келген. Кыз каршылык көрсөтүп кыйкырганда аны сабап өлтүргөн.

Шектүү жигит убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда бардык соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0