Бишкекте үч унаа кагышып, бир аял көз жумду. Видео

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуДТП по улице Льва Толстого в Бишкеке
ДТП по улице Льва Толстого в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Honda Odyssey үлгүсүндөгү авто эки унаа менен кагышып, андан кийин бакты сүзгөн. Каза тапкан аял дал ошол машинанын ичинде болгону айтылат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкекте үч унаанын кагышуусунан бир аял мертинди. Кырсыктан кийинки видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн.

Буга чейин Калык Акиев менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа бакты сүзүп, айдоочусунун каза болгону айтылган.

Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кырсыгы болгонун тастыктап, чоо-жайын айтып берди.

"Окуя 20-сентябрь күнү болжол менен саат 21.00дөрдө болгон. Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа Лев Толстой менен чыгышты көздөй баратып, Калык Акиевге келгенде Honda Accord жана Volkswagen Golf унаалары менен кагышкан. Андан кийин жолдон чыгып, бакты сүзгөн", — дешти милициядан.

Кырсык болгон жерге автоинспекторлор менен медиктер келген. Алган жаракатынан минивэнде бараткан жүргүнчү аял каза тапкан.

Унаалардын баары айып короого токтотулуп, чогултулган материалдар тергөөгө жөнөтүлдү.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0