Чек арада жарадар болгондордун бири комада. Бишкекте бешөөнө операция жасалат

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Республиканского ожогового центра Бишкека
Деятельность Республиканского ожогового центра Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткенден Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинген 10 кишинин үчөө реанимацияда жатат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан чырдан жарадар болуп, Лейлектеги ооруканага жеткирилгендердин бири оор абалда, комада жатат. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган ооруканада жаткандардын дагы экөөнүн абалы оор бойдон калууда.

"Кечээ, 17-сентябрда, Баткенден учак менен Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинген 10 кишинин үчөө реанимацияда. Жетөө жалпы палатада. Бүгүн бешөөнө операция жасалат", — деп айтылат маалыматта.

 Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара жаңжалы. Тышкы иштер министрлиги тажик элчисине нота берди
Эске салсак, 16-сентябрь күнү кечке жуук Лейлек районундагы Максат жана Сай айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арасында жаңжал башталган. Чырга күч түзүмдөрү да аралашып, ок атылып, натыйжада Кыргызстандан бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Ал эми Тажикстандан үч аскер кызматкери набыт болгону айтылган.

Эртеси окуя болгон жерге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев барып, чыр чыккан Максат жана Сай айылдарынын тургундары менен жолуккан. 17-сентябрда көз жумган атайын даярдыктагы аскер жерге берилип, тажиясына бийлик өкүлдөрү, ЖК депутаттары катышкан.

Бул боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери жолугуп, абалды жөнгө салуунун жолдорун сүйлөшкөн. Эки тараптын жолугушуусу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө пунктунда болгон.

18-сентябрдагы расмий маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Жыйналган, топтолгон адамдар байкалбайт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0