Көлдүн Ак-Суусунда катуу шамалдан жабыркаган 33 жаштагы бейтап каза болду

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жон-Булак айылынын тургуну кирпич чыгарган заводдо кароолчу болуп үч айдан бери иштеп жаткан. 10-сентябрь күнү болгон катуу шамал заводдун чатырын учуруп, шифер кишинин башына тийген.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда катуу шамалдан жабыркап ооруканага түшкөн Мирлан Теңизбаев эсине келбей дүйшөмбү күнү каза тапканын район акими Акылбек Түкөбаев билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сентябрдын башында жааган калың кардан улам мал-жандыктары менен жайлоодон түшө албай калган чабандар тууралуу маалымат берди - Sputnik Кыргызстан
Жайлоодо калган жүздөгөн мал кырылып, 40 чабан куткарылды. Cүрөт, видео
Эскерте кетсек, кырсык 10-сентябрь күнү болгон. Катуу шамал 40тай турак үйдүн чатырын учуруп, заводдо иштеген эки кишинин башына шифер тийген. Бирөө медициналык жардам алып үйүнө чыгарылса, Мирлан Теңизбаевдин жаракаты оор болгондуктан, реанимацияга түшкөн. Жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган бейтапка Бишкектен дарыгерлер барып, башына операция жасашкан.

"Жаракат алган бала, тилекке каршы, кечээ саат 15.00дөрдө эсине келбеген боюнча жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Үч кызы бар эле. Заводдо атасынын ордуна кароолчу болуп иштеп жатканына үч айдын жүзү болгон", — деди аким.

Катуу шамал Каракол шаарында да катталган. Келтирилген чыгым 1,4 миллион сом деп бааланууда. Шаар депутаттары чукул жыйынга чогулуп, үйлөрдүн чатырын оңдоого 727 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүшкөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0