Тажик тарап чек арадагы жаңжал боюнча өз версиясын айтты

© Sputnik / Эмиль СадыровБаткен облусундагы Максат айылы. Архив
Баткен облусундагы Максат айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-сентябрда кечке жуук тажик чек арачылары Кыргызстандын Максат жана Сай чек ара бекеттерин аткылаганы кабарланган. Анын кесепетинен кыргызстандык бир аскер окко учуп, экөө жаракат алган болчу.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлери ок атууну кыргыз тарап биринчи баштаганын билдирди. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Ага ылайык, кыргыз тарап 16-сентябрда саат 18:45тер чамасында Бахор аймагындагы спорт аянтчасына курулуш иштерин баштаган. Жергиликтүү тургундар (тажик тарап) курулуш иштерин токтотууну талап кылышкан.

"Эки тараптуу жетишилген макулдашууларга карабай Кыргызстандын куралдуу күчтөрү кошумча 250-300дөй аскерди тарткан. Чагымчылдык аракеттерден кийин Тажикстандын куралданбаган жай тургундарына карата ок атылып, бир нече киши жаракат алган", — деп айтылат маалыматта.

Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: эки аскердин абалы өтө оор, тургундар да жаракат алган
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тажикстандык кесиптеши менен сүйлөшүп, тажик чек арачылары чыгарган октон Кыргызстандын бир аскери мерт болуп, экөө жаракат алганын билдирген.

Ал эми Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги эки аскерден тышкары Максат айылынын алты тургуну, анын ичинен 14 жаштагы бала жаракат алганын кабарлады.

Эске салсак, Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап биринчи болуп Кыргызстандын Максат айылындагы чек ара бекетин жана убактылуу коюлган Сай чек ара бекетин аткылаганын кабарлаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0