Ысык-Көлдөгү катуу шамал: башына шифер түшкөн адамга операция жасалды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСитуация в Донецке
Ситуация в Донецке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каракол шаары менен Ак-Суу районунда 10-сентябрда ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен шамал болгон.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда болгон катуу шамалдан жабыр таркандардын бирине операция жасалды, бирок абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу район акими Акылбек Түкөбаев аймактык кабарчыга билдирди.

Белгилей кетсек, катуу шамал Каракол шаары менен Ак-Суу районунда болгон. Бороон район аймагындагы кирпич заводдун чатырын учуруп кетип, ал жакта иштеген эки кишинин башына шифер түшкөн. Алардын бири 32 жаштагы Мирлан Теңизбаев жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган эле

"Дарыгерлердин айтымында, Жон-Булак айылынын тургуну Мирлан Теңизбаевдин учурда абалы оор, жасалма дем алдыруу аппаратында жатат. Кечээги түнү Бишкек шаарынан дарыгерлер келип бейтапка операция жасашты, башынан суу алынды. Бирок эсине келе элек",— деди Түкөбаев.

Эске салсак, Каракол шаары менен Ак-Суу районунда 10-сентябрда болгон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0