Бишкекте аёосуз сабалгандар: шектүүлөрдүн бир тууганы УКМКнын тергөө абагына камалды

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиКамак. Архивдик сүрөт
Камак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
“Жал” кичирайонундагы мыкаачылык менен кишилер сабалган окуя видеокөзөмөлгө түшүп калган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бишкекте эки кишини аёосуз сабаган деп шектелип жаткан жарандардын милиционер агасы Казыбек Бапышев 10-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгилей кетсек, Жал кичирайонундагы супермаркеттин жанынан эркек кишилердин аёосуз токмоктолгону тууралуу маалымат милицияга 28-август күнү түшкөн. Окуя болгон жерге кайгуул-күзөт кызматы менен Чүй облустук милициянын кызматкери Казыбек Бапышев келип, эки шектүүнү алып кеткен. Ал эми жабырлануучулар ооруканага жеткирилет.

Эки эркекти мыкаачылык менен сабаган кишилер милиция өздөрү келди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Эки эркекти мыкаачылык менен сабаган кишилер милицияга өздөрү келди. Видео
Бул ишке шектүү катары Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сеитбеков кармалып, экөө Казыбек Бапышевдин бир тууганы экени аныкталат.

Ленин районунун прокуратурасы эркектер сабалган жерге келген төрт милиционердин үстүнөн иш козгоп, тартип сакчыларына Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кылмышты жашыруу" беренелери боюнча айып коюлган.

Мындан тышкары, милициянын №2 бөлүмүнүн тергөөчүсү менен иликтөө кызматынын начальниги иштен алынган. Дисциплинардык уставдын талабын бузганы үчүн ошол эле бөлүмдүн нөөмөттөгү инспектору менен жардамчысына катуу сөгүш жарыяланган.

Казыбек Бапышев жеке кызыкчылыгына тиешелүү маселелерди чечүү үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кылмышты жашырганы үчүн укук коргоо органдарынан бошотулган.

Ишти УКМК тергеп жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0