Ысык-Көлдө катуу шамалдан 40ка чукул турак жай чатырсыз калды. Сүрөт

© © Sputnik Ысык-Көл облусунда ылдамдыгы 25 метрге жеткен катуу шамал болуп, 30дан ашык турак жайдын чатырын алды
 Ысык-Көл облусунда ылдамдыгы 25 метрге жеткен катуу шамал болуп, 30дан ашык турак жайдын чатырын алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табигый кырсык боюнча жергиликтүү органдар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен комиссия түзүп, канча кишинин турак жайы авариялык абалда калганын эсептеп чыгышмакчы.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда ылдамдыгы 25 метрге жеткен катуу шамал болуп, 30дан ашык турак жайдын чатырын алды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.

© © SputnikПоследствия сильного ветра в городе Каракол Иссык-Кульской области
 Ысык-Көл облусунда ылдамдыгы 25 метрге жеткен катуу шамал болуп, 30дан ашык турак жайдын чатырын алды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Ысык-Көл облусунда ылдамдыгы 25 метрге жеткен катуу шамал болуп, 30дан ашык турак жайдын чатырын алды
© © SputnikПоследствия сильного ветра в городе Каракол Иссык-Кульской области
Кырсык болгон жерлерге облус башчысы Акылбек Осмоналиев, Каракол шаарынын башчысы Адыл Каниметов, тиешелүү органдар барып чатырсыз калган жарандар менен жолуккан - Sputnik Кыргызстан
2/4
Кырсык болгон жерлерге облус башчысы Акылбек Осмоналиев, Каракол шаарынын башчысы Адыл Каниметов, тиешелүү органдар барып чатырсыз калган жарандар менен жолуккан
© © SputnikПоследствия сильного ветра в городе Каракол Иссык-Кульской области
Табигый кырсык боюнча жергиликтүү органдар өзгөчө кырдаал министирлиги менен комиссия түзүп, канча кишинин турак жайы авариялык абалда калганын эсептеп чыгышмакчы - Sputnik Кыргызстан
3/4
Табигый кырсык боюнча жергиликтүү органдар өзгөчө кырдаал министирлиги менен комиссия түзүп, канча кишинин турак жайы авариялык абалда калганын эсептеп чыгышмакчы
© © SputnikПоследствия сильного ветра в городе Каракол Иссык-Кульской области
Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтпаев 12-сентябрда шаардык кеңештин депутаттары кезексиз сессия өткөрөрүн маалымдады. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтпаев 12-сентябрда шаардык кеңештин депутаттары кезексиз сессия өткөрөрүн маалымдады.
1/4
Ысык-Көл облусунда ылдамдыгы 25 метрге жеткен катуу шамал болуп, 30дан ашык турак жайдын чатырын алды
2/4
Кырсык болгон жерлерге облус башчысы Акылбек Осмоналиев, Каракол шаарынын башчысы Адыл Каниметов, тиешелүү органдар барып чатырсыз калган жарандар менен жолуккан
3/4
Табигый кырсык боюнча жергиликтүү органдар өзгөчө кырдаал министирлиги менен комиссия түзүп, канча кишинин турак жайы авариялык абалда калганын эсептеп чыгышмакчы
4/4
Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтпаев 12-сентябрда шаардык кеңештин депутаттары кезексиз сессия өткөрөрүн маалымдады.

Анын айтымында, кырсык болгон жерлерге облус башчысы Акылбек Осмоналиев, Каракол шаарынын башчысы Адыл Каниметов, тиешелүү органдар барып, чатырсыз калган жарандар менен жолуккан.

"Каракол шаарында табигый кырсыктан 38 турак жай, 19 чарба жайы, Ак-Суу районунда тогуз турак жай, бир күнөскана, "Чыгышэлектр" ААКка тиешелүү ишкана жана кирпич заводдун чатырлары учуп кеткен", - деди Кожоев.

Талаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Суусамырда 5 миң гектар арпа кар алдында калды
Табигый кырсык боюнча жергиликтүү органдар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен комиссия түзүп, канча кишинин турак жайы авариялык абалда калганын эсептеп чыгышмакчы.

Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтпаев 12-сентябрда шаардык кеңештин депутаттары кезексиз сессия өткөрөрүн маалымдады.

"Элге жардам берүү максатында акча жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт. Суммасы жабыркагандардын саны такталгандан кийин белгилүү болот", - деди ал.

Айтпаев Жогорку Кеңештин депутаттарына, өкмөткө да кайрылып, материалдык жардам көрсөтүүнү өтүндү.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0