Унааны сурабай айдап чыккан бир туугандар каза тапты. Кара-Балтадагы кырсык

© AFP / Hendrik Schmidt / dpa Последствие сильного ветра в Лейпциге
Последствие сильного ветра в Лейпциге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машинада 16 жаштагы айдоочу баланын досу да болгон. Ал учурда ооруканада.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда жол кырсыгынан эки бала каза болгонун ЖКККББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16 жаштагы өспүрүм үйүндө турган Nissan Cefiro унаасын эч кимден сурабай айдап чыккан. Жанында жети жаштагы иниси жана досу болгону айтылууда.

"Полтавка — Орто-Суу трассасынын 2-чакырымында айдоочу рулга ээ боло албай, унаа бакка урунган. Айдап бараткан бала иниси экөө мүрт кеткен. Жүргүнчү болуп бараткан досу ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Факты боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары башталды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0