Милиция өкмөттүк трассада каза болгондордун жаш курагын аныктады

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуПоследствия ДТП по проспекту Чингиза Айтматова в Бишкеке
Последствия ДТП по проспекту Чингиза Айтматова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 9-сентябрда түштөн кийин өкмөттүк трассада болуп, жеңил автоунаа менен №8 автобус кагышкан.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде 9-сентябрда болгон жол кырсыгынан каза тапкан төрт жигиттин баары 17 жашта болчу. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 9-сентябрда 15:00дөр чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисинде Skoda Octavia менен №8 автобус кагышып, жеңил унаадагы төрт бала кырсык болгон жерден каза болгон. Ал эми машинанын ичиндеги бир кыз оор абалда ооруканага жеткирилген.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүк трассадагы кырсыктан жаракат алгандардын абалы айтылды
Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил автоунааны айдап бараткан 17 жаштагы Б.Б. аттуу жигит, 17 жаштагы К.А., Ж.Э., А.Б. аттуу жүргүнчүлөр окуя болгон жерден жан берген.

№8 автобустун 30 жаштагы айдоочусу жана 59, 15 жана 9 жаштагы жүргүнчүлөр түрдүү жаракаттарды алган.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси - "Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

Учурда бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0