Өзгөндө 71 жаштагы кемпирди өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишти

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармаган адам. Архив
Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыштын бетин ачуу үчүн атайын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

ОШ, 9-сен. - Sputnik. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында 71 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 7-сентябрь күнү таңкы саат 05.20лар чамасында райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү жашоочунун үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Заседание Савеловского суда по делу Акромана Местоева - Sputnik Кыргызстан
Аёосуз сабалгандар. Сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандады
Милиция чакыруу түшкөн аймакка барганда Ч.Н. аттуу аялдын үйү жарым жартылай күйгөн абалда болгон. Милиция 71 жаштагы үй ээсинин көкүрөк тушуна тогуз ирет учтуу буюм сайылганын аныктаган.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ошондой эле кылмыштын бетин ачуу үчүн атайын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0