ИИМ: Атамбаевдин жактоочулары иш менен таанышууну создуктуруп жатат

Жазылуу
6-сентябрда адвокат Замир Жоошев кесиптеши Сергей Слесарев экөөнө 27 томдук (11 миң барак) иш менен таанышып чыгууга беш гана күн берилгенин айтып чыккан.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары кылмыш ишинин документтери менен таанышууну создуктуруп жатышат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, 6-сентябрда, адвокат Замир Жоошев кесиптеши Сергей Слесарев экөөнө 27 томдук (11 миң барак) иш менен таанышып чыгууга беш гана күн берилгенин айтып, тергөөнүн ишине даттана турганын билдирген.

Ал эми ИИМ Атамбаев менен анын адвокаттарына тергөө аяктагандыгы тууралуу 30-августта айтылганын билдирүүдө.

"2-3-сентябрь күндөрү Атамбаевдин жактоочулары ар кайсы шылтоону айтып, иш менен таанышканы келбей коюшту. 4-сентябрь күнү шектүү Алмазбек Атамбаев менен анын жактоочулары тергөөнүн аяктагандыгы тууралуу протоколго кол коюудан баш тартышты. 5-сентябрда Жоошев иш менен эки саат, Слесарев бир саатча гана таанышты", — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Ошол эле учурда министрлик иш менен таанышууга беш күн гана бергенин тастыктады.

Атамбаевдин багынышы

2019-жылы 7-августта Кой-Таш айылында УКМКнын атайын аскерлери Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция өткөрүп, максатына жеткен эмес. 8-августта укук коргоо органдары Атамбаевдин үйүнө бастырып киргенде гана мурдагы президент багынып берген.

Атамбаев бир нече кылмыш иши боюнча айыпталууда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0