Бишкекте автоинспекторду сүзүп качып кетишти. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения на сотрудников патрульной милиции
Случаи нападения на сотрудников патрульной милиции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу инспекторду көзгө илбей аны сүзүп, качып кеткен. Күбө окуяны видеого тартып алган.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Борбор калаада милиция кызматкерин сүзүп кеткен шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя кечээ, 6-сентябрда, болжол менен саат 15:00дөр чамасында болгон. Анда ЖКККББнын У.А. аттуу кичи инспектору, милициянын старшинасын коюп кетишкен.

"Mazda 626 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 7-апрель көчөсү менен түштүк тарапты көздөй баратып жол эрежесин бузат. Аны Жол кайгуул кызматынын өкүлү токтотсо баш ийбей, автоунаанын маңдайында турган инспекторду сүзүп белгисиз тарапка качып кеткен", — деп жазылат маалыматта.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Болот Ибрагимов SFR (@bolotibragimov)

Кылмышка шектелип 26 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган факт Кылмыш кодексинин 226-беренеси "Бейбаштык" боюнча Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0