КРге аткезчилик менен киргизилген 20 млн. сомдук кальян тамекилери табылды

© Фото / пресс-служба Государственной таможенной службы КРКонтрабанда табака на рынке "Дордой"
Контрабанда табака на рынке Дордой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамсыз товар "Дордой" базарындагы кампалардын биринен табылган.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстандын бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген 20 миллион сомдук кальян тамекилерин тапты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Мыйзамсыз товар 5-сентябрь күнү саат 19.00дөр чамасында "Дордой" базарындагы кампалардын биринен табылган. 

© Фото / пресс-служба Государственной таможенной службы КРКыргызстандын бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген 20 миллион сомдук кальян тамекилерин тапты
КРге аткезчилик менен киргизилген 20 млн. сомдук кальян тамекилери табылды - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген 20 миллион сомдук кальян тамекилерин тапты

"Салмагы 11,2 килограммдык Serbetli жана 1,2 килограммдык Fumari үлгүсүндөгү тамекилер алынды. Соода өнөр жай палатасынын берген корутундусуна ылайык, товардын орточо базар баасы 19 663 200 сомду түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0