Бишкекте аскер лицейинин 50дөн ашуун курсанты "ээнбаштанып кетип калган"

Жазылуу
Окуя 5-сентябрь күнү таң эрте болгон.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин экинчи курсунда окуган курсанттары бөлүктөн качып кетишкенин Sputnik Кыргызстан агенттигине өздүк булак кабарлады.

Тактические учения с десантированием. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
128 миң жоокер. Путин менен Жээнбеков РФтеги ири машыгууга барышы мүмкүн
Окуя 5-сентябрь күнү таң эрте болгон. Маалымат булагынын айтымында, жалпы жонунан 11-класстын 56 баласы кетип, кайра 54ү кайтып келген.

Ал эми Генералдык штаб курсанттар эртең менен эрте бөлүктүн аймагынан чыгып кетишкенин айтып берди. Экинчи курстун студенттери лицейге саат 9.30да кайтып келишкен. Балдардын айтымында, алар Түштүк магистралга чыгып, чуркоону чечишкен.

Курсанттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү белгиленди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0