ШИИБ: эки кишини аеосуз сабагандар кармалды

© AFP / PHILIPPE HUGUENКишен. Архив
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция ыкчам маалыматтын жардамы менен шектүүлөрдүн изине түшкөн.

 

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Милиция Бишкекте эки кишини аеосуз сабады делген шектүүлөрдү колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

"Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында Бишкек ШИИБинин Криминалдык милиция кызматы шектүүлөрдүн изине түшкөн. Жыйынтыгында 34 жаштагы Бапышов Жаныбек Сейитбекович жана 20 жаштагы Сейитбеков Калысбек Сейитбекович кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты алгач Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине "Бейбаштык" менен катталып, кийин "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесине өзгөртүлгөн.

Коомчулук арасында бул окуя чоң резонанс жаратты. Аталган кылмыш боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да үн катып, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырган

Көп өтпөй шектүүнүн милицияда иштеген тууганы, майор Казыбек Бапышев кызматынан алынды

ИИМдин берген маалыматы боюнча, Казыбек Бапышев бир эле шектүүнүн агасы.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0