Курсан Асановдун адвокатынын сотко чейинки тергөө иши аяктады

© Фото / Раушан АйткуловаЗадержание адвоката Икрамидина Айткулова
Задержание адвоката Икрамидина Айткулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юристке карата үч кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Алдамчылыкка шектелген адвокат Икрамидин Айткуловдун сотко чейинки териштирүү иши аяктады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Айткулов менен анын жактоочусу кылмыш материалдары менен таанышып жатат.

“Жакынкы аралыкта иш прокуратурага, андан ары сотко өтөт”, - деп айтылат маалыматта.

Китайцы займутся рыбным хозяйством в КР - Sputnik Кыргызстан
Балык өстүргөн ишкер: отставкадагы полковник 3 млн. сомго алдап кетти
Эске салсак, Айткулов 22-августта Бишкек ШИИБге сурак бергенден кийин кармалып, баш коргоо чарасы тандалган соң үй камагына чыгарылган. Буга Н.Д. аттуу жарандын "алдоо жолу менен 5 500 доллар акчамды алып алды" деп бир жыл мурун жазган арызы негиз болгон

Андан кийин Айткуловго дагы бир айып тагылган. Анда доогер 2014-жылы Айткуловдун баласы 31 миң доллар карыз алып бербей жатканын айткан. Кийин карызды кайтаруу милдетин атасы мойнуна алып келишим түзгөн. Бирок акчаны бербей жүргөнү айтылат

Белгилей кетсек, Айткулов акыркы учурда ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу болуп жүргөн. Ал президентке, премьер-министрге кайрылып, Асановдун ишин иликтөө бүткөнгө чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматынан четтетүүнү суранган.

Жаңылыктар түрмөгү
0